Монолог / Мээрим Кабаева / Жаныш Кулмамбетов "Талант жана тагдыр" (драма) - Бакен Кыдыкеева

Жаныш Кулмамбетов “Талант жана тагдыр” (драма) Бакен Кыдыкеева Ай, кызым, каяка баратабыз, биз? Чарчап кеттим айланайын. Келчи, бир аз эс алалы. Өңүң эле жылуу учурайт. Кайсы бала элең, сен? Сүйлөчү айланайын. Дегдеңдетип эле мени бир жакка ээрчитип баратасың. Же каякка баратканыбызды билбейм. Же сенин ат-жөнүңдү билбейм. Бирок, өңүң аябай жылуу учурап турат. Ботом, атыңды айтып койчу. Тааный албай атам, айланайын... “Апам” дейсиңби? Мени айтып атасыңбы? Коё тур... Коё тур... Сен... Сен... Кызымсыңбы?!. Сени көргөнгө эреркеп кетпедимби, каралдым. Канча жыл болду көрүшпөгөнүбүзгө... Жыйырма жылдан ашыптыр. Түшүмдө эле көрбөсөм, жыйырма жылдан бери сени менен минтип көрүшө элек элем да. Капырай, кантип сен экөөбүз көрүшүп калдык, ыя? Э, ботом, сен эчак эле бизден кетпедиң беле? Анан кантип экөөбүз ушинтип кезигишип атабыз? Сен эле экенсиң... И-и... Эми түшүндүм. Мен сага келаткан турбайымбы. Акыры баарыбыз бир жерден көрүшөт экенбиз да, ушинтип. Атаңдын көрү-ү, дүнүйө... Капырай, ушунча жыл көрүшкөн жокпуз, ээ? Өзгөрбөпсүң, баягы эле бойдон экенсиң. Жаш кетип калбадыңбы... Ушу кезге чейин эстесем жүрөгүм зыркырап, күнү оюмдан, түнү түшүмдөн кетпедиң го, каралдым!.. Э, кокуй, эмнеден жаздым эле кудайга деп, ичимден боздоп гана турдум го, ошондо. Жарым жыл уйкудан калып оорубадымбы. Жаш кетпедиңби, кууратып!.. “Э, кокуй, ушинтип артист болуп, атактуу болуп, ай-талаалап жүрүп тапканым ушубу?!” деп... Мен ыйлап сенин сөөгүңдүн башында турбай, сен ыйлап мени көмө турган жөнүң бар болчу да, балам. Ошолордун баарын ойлоп... Каралдым, сенин ушу жалгандан эрте кеткениңе ушу кезге чейин өзүмдү гана күнөөлүү сезем. Эне кургурдун азабына эч нерсе тең келе албайт тура. Ошондо билбедимби, кашайгырдыкы... Тумандын ичинде эле жүргөндөй болуп, баары эле бүдөмүк. Баары эле мага тиешеси жоктой... Баары эле бозоруп... Эч нерсе мени кызыктырбай... Жашоонун кызыгы кетип... Бүт баары эле маанисин жоготуп... Ушундай бир абалда болот экенсиң, кызым. Дүйнө кадимкидей эле чоочун сезилип... Кудай адамга талант берет экен, атак берет экен, даңк берет экен, анан ошого жараша азап да берет тура. Сенден айрылдым ‒ бир очорулдум. Сахнадан айрылдым ‒ дагы бир очорулдум. А-а, катыгүн, өлөөр-өлгүчө сахнадан түшпөчүдөй болуп ойлоп жүрүптүрмүн да, өзүмдү. Көрсө, адам ошентип өзүн сооротуп жашайт турбайбы. Бир күнү эле акырын карыдың, пенсияга кет дешип чыгарып коюшту, театрдан. Жашың улгайып калганда театрдан куулуп кеткениң жаман болот тура, баарынан. Адегенде ыза болдум. “Э, кокуй, “Кыдыкеева, Кыдыкеева” болуп жүрүп акыры көрөөр күнүм ушул беле?!” дедим да. Же алжый элек болсом, же карый элек болсом... Бир жума бүк түшүп жатып алып ыйладым, эч кимге билгизбей. Ошондон тартып оңоло албай калдым. Аябай катуу сокку болду, мага. Сен бир ыптамды алып кетсең, театрдан чыгарышканда экинчи ыптамдан ажырабадымбы. “Театр менин өмүрүм” дечүмүн да. Анан, ошо театрдан ажыраганда өмүрүңдөн ажырагандай эле болот экенсиң. “Кимге мынча жаманчылык кылдым эле, мага мынча өчөшкүдөй?..” деп, ой бир боздодум, а-а... Бирок, акырындап тагдырыңа баш иет экенсиң да. Сууйт экенсиң да. Ошондон баштап эле дүйнө көзүмө суук көрүнүп туруп алды. Туманга кирип кеткендей эле болдум. Мени менен эч кимисинин иши болгон жок, менин да эч ким менен ишим жок болуп калды. Баягы театрым ‒ баягы үйүм жок, ээн журтта калгандай эле болуп калдым. Бир маал келем театрга. Кайра кетем. Келем-кетем... Адамдарга таарынганда эмне... Тагдырыңа гана таарынат экенсиң ‒ баарын берип туруп, баарын кайра алып койгон. Кайсы бирин айтайын... #дикция #проза #поэзия #ЖылдызИскендерова #поэзия #көркөмокуу #театр #тамсил #артикуляция #демалуу #монолог #актер #дикция #проза #сүйлөөмаданияты #сахнакеби #оратордукискусство #сценическаяречь #художественноеслово #художественноечтение

Смотрите также