ҮЙ ТИБИНДЕ БАЛА БАКЧА АЧУУ ЖЕҢИЛДЕДИ

Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүү үчүн тоскоолдуктарды кыскартуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу боюнча Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинин 3-пунктун ишке ашыруу максатында жыйын болуп өттү. Буга чейин үй тибинде бала бакча ачуу үчүн бир канча мекемеден уруксат кагазы талап кылынса, мындан ары мындай талаптар жоюлат. Ал үчүн салык кызматына каттоого туруп, (Жеке ишмердуулугун ) алуу керек Белгилей кетсек мурда 201-токтомго ылайык үй тибиндеги бала бакчаларга бир канча талаптар койулган, уктоочу бөлмө өзүнчө, ойноочу жана тамак ичүүчү бөлмөлөрү өзүнчө болуусу керек эле. Ал эми азыркы жеңилдетилген түрүндө, жыйналуучу керебеттерди койуп ошол эле жерди ойноочу бөлмө катары пайдаланса болот деген толуктоо киргизилген. Жеке менчик үйлөрдө 25 ке чейин ал эми эки кабаттуу үйлөргө 10 балага чейин үй шартында бала бакча ачуу мүмкүнчүлүгү дагы каралган.

Смотрите также