Талапкер боло албай таарынгандар. Шайлоодон кимдер четтетилди?

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-октябрда саат 18:00дө аяктап, жалпысынан 589 адам арыз берди. Арыз бергендердин 365и эркектер жана 224үн аялдар түздү. Учурда талапкерлерди каттоо иштери кызуу жүрүп, алардын ичинен 168и талапкер катары катталса, 19у арызын кайтарып алып, БШК мыйзам талаптарына жооп бербегендиги үчүн жети адамды каттоодон баш тартты. Боршайкомдун чечими боюнча, баш тартууга талапкерлердин айрымдарынын кылмыш иштерине, уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар болгондугу жана дин кызматкери болушу негиз болуп берген. Шайлоодон четтилгендердин айрымдары БШКнын чечими менен макул болсо, айрымдары соттошуга белсенип турган чагы. Көнгөн адат калабы демекчи бир катар дымагы күчтүүлөр жалган маалымат таратып, өкмөттүн аткарган иштерин өздөрүнө ыйгарып мактанып жүрүшсө, бир катары Президенттин батасын алдым, Ташиевдин батасын алдым деп шайлоочуларды алдап жүргөндөрү да чыкпай койгон жок. Президенттин Администрациясы мындай талапкер сөрөйлөргө ишенбөөгө чакырат. БШК депутат болууга талапкер болуу ниетин билдиргендердин арызын карап, алардын татыктуу же тактыктуу эместигин текшерүү менен катар, шайлоону таза, ачык, баарына бирдей шартты түзүп, добуштарды уурдатпай өткөрүп берүүгө милдеттүү. Ошондой эле шайлоочулардын максималдуу катышуусун камсыз кылышы абзел. Бул шайлоодо аралыктан добуш берүү ыкмасын киргизүү менен шайлоочулардын санын көбөйтүүнү көздөгөн БШК учурда алдын ала тесттик аралыктан добуш берүүнү уюштурууда. 30-октябрда президент өзү келип бул ыкманын кантип иштеп жатканынын жеринен текшерип кетти. Акыркы жаңылыктар, кызыктуу видеолор Телеграм каналыбызда Катталыңыз 👇 Бөлүшүңүз
Ушул маалыматты окуп отурган ютуб каналыбызга да катталганды ( подписка) унутпаңыз. 👇    / @azamatlivekg   #кыргызстан​ #бишкек​ #бишкеккабар​ #акыркыкабарлар​ #новости​ #камчыбекташиев​ #садыржапаров​ #жогоркукенеш​ #жогоркукеңеш​ #azamatabdiev​ #azamatlive​ #азаматабдиев​ #тезкөр​ #тезкор​ #чүй​ #чуй​ #баткен​ #ош​ #жалалабад​ #талас​ #нарын​ #ысыккол​ #ысыккөл​ #ысыккуль​ #жаңылыктар​ #кабарлар​

Смотрите также