Наристе жытына зар болуп жүргөн ата-энеге, бир учурда бала асырап алуу тууралуу ойлор келет. Тилекке каршы, керектүү маалымат дароо эле табыла калбайт. Анын үстүнө, ал жакта баары коррупциялашкан деген терс пикирлердин көптүгү ойго салат. Сабатсыздыктан, такталбаган маалыматтардын айынан көптөр бала асырап алуудан артка чегинишет. Бүгүн биз КРдин Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигинин үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Бакыт Тодогелдиев, ошондой эле социалдык кызматкердин, Балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борборунун консультативдик-диагностикалык бөлүмүнүн башчысы Айнура Токтогоновадан бала асырап алуу тууралуу эң маанилүү суроолорго жооп алдык. Ошондой эле ата-энелер “Ымыркайлар үйүнөн” бала асырап алгысы келсе, эмне кылуусу керектигин билип кайттык. ❗️КРдин Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигинин Facebook баракчасы:
https://www.facebook.com/share/9UN6Jt... --------------- 🔔Биздин Инстаграмм: / aldey_youtube 🔔"Алдей-алдей" дүкөнүнүн баракчасы: / aldey_aldey ___________ 00:00 Баланы асырап алуу үчүн кайда кайрылуу керек? 01:20 Асырап алуу процедурасы эмнеден башталат? Алгоритм 08:30 Баланы асырап алууда кезек кандай алгоритм менен иштейт? 12:05 Кайсыл оруу менен ооругандар бала асырай албайт? 14:25 “Дом малюткиге”экскурсия 22:30 Үй-шарттары кандай болуусу керек? 26:32 Жаңы төрөлгөн ымыркай базада болобу? 31:34 Баланы асырап алуу үчүн канча убакыт керек? 34:25 Дааратканада баласын калтырган эне энелик укугунан ажыратылат 36:45 Документтерди чогулткан учурдагы кыйынчылыктар 39:35 Баланын атын өзгөртсө болобу? 42:20 Ымыркайлар үйүнө кантип жардам берсе болот? 46:05 КМШ өлкөлөрүнөн жылына 20-25 эне таштап кеткен балдарды алып келебиз 53:10 Ата-энеси бар балдар интернатта канча убакыт болушат? 55:10 Турмушка чыга элек кыздар же үйлөнө элек мырзалар баланы асырап алса болобу? 57:15 Баланы жеке кызыкчылыгы үчүн асырап алгандар көп #асырапалуу #усыновление #доммалютки #Алдей