Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Монолог / Назик Жумабекова / Чыңгыз Айтматов "Биринчи мугалим" (повесть) "кош терек" сыры - Алтынай
Чыӊгыз Айтматов “Биринчи мугалим” (повесть) “кош терек” сыры Биздин айыл Ак-Жар тоо этегинде, суулар шаркырап аккан чоң тектирде орношкон. Айылдын үстүндөгү адырда, мен бала чактан бери билген, эки зор терек болор эле. Бул кош терек азыр да ошол жерде. Качан карабагын, айылга кайсы туштан келбегин, элден мурун эле дөбөдө жанаша кыналышкан ушул бийик теректер көзгө учурайт. Эмне үчүн экенин билбеймин, же балалык таасирдин күчүбү, же болбосо сүрөтчүлүк кесибиме байланыштуубу, айтор, станциядан түшүп, капчыгайдан чыгып, айылды көздөй бет алганда, тээ адырда баягы кош теректер турат болду бекен деп, чыдамсыздык менен ошол тарапты акмалап караймын. Ушунчалык алыстыктан бактар канчалык бийик болбосун көрүнөрү шектүү, бирок мен үчүн алардын сөлөкөтү ар качан байкалгандай туюлат. Эртерээк айылыма жетип барып, эртерээк дөбөгө чыгып барып, кош терекке ийилип салам берип, кулагымдын моокуму кангыча алардын күүлөнгөн үнүн уксам деп дайым дегдеймин. Көчөдө бак деген толуп жатат. Бирок, бул теректердин бир укмуштуу касиети ‒ алар бөтөнчө үндүү, тил бүткөндөй жандуу теректер. Түнү-күнү тынбай, качан болбосун жалбырактар дирилдеп, чайпалган чокулары айкалыша, теректер ар кандай үнгө салып шуулдайт. Бирде ‒ жээкке урунган эрке толкундай угулар-угулбас шапшынып, бирде тым-тырс ойлоно калып, сагынычтуу санаага толгондой, алда эмнеге муңдана үшкүрүп, жулкунган шамал булут айдап, жаан айдап, бутактарын кайрып киргенде, теректер бой тиреше чыңалып, “бизди жыгалбайсың” ‒ дегендей, өжөрлөнө күүлөнүшөт. Кийин эс тартып чоңойгондо, мен бул теректердин сырын түшүндүм. Бийикте, туштарабы ачык дөбөдө тургандыктан, булар дайым шамалдын огуна туура келип, абанын ар бир кыймылына жооп кайтарып, жанагыдай тынымсыз шуулдап, бөтөнчө үндүү болгон себеби да ошол. Анткени менен менин бул байкап тапканым балалык кыялымдын алгачкы таасирин суута албады. Ошол кездеги сонуркаганым азыр да тарабай, мен үчүн бул теректер ушул күнгө чейин кандайдыр тегин эместей, сырдуу, жандуу сыяктанат. Бул теректердин түбүндө менин өмүрүмдүн эң бир сыйкырдуу чагы калгандай, эстеген сайын кайра баштап эскергим келет. #дикция #проза #поэзия #ЖылдызИскендерова #поэзия #көркөмокуу #театр #тамсил #артикуляция #демалуу #монолог #актер #дикция #проза #сүйлөөмаданияты #сахнакеби #оратордукискусство #сценическаяречь #художественноеслово #художественноечтение