Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
“Нурсултандын өлүмүнө кимди күнөөлөштү билбейбиз” дейт чек арада каза болгон жоокердин жакындары
Кыргыз-Тажик чек арасында чыккан жаңжалда Мекен чегин коргоп, баатырларча курман болгондордун бири Улуттук Коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын офицери Нурсултан Манасбек уулу болду. Ал 28 гана жашта эле. Баткендеги окуядан улам уулун жоготкон Нурсултандын үй-бүлөсү маркумду эскерип, боздоп отурган учуру.