Адамды эмес заманды шылтоо кылдык | Айт Айт Десе || Аза Ишенбеков

Өкүнүчтүү өтүп жатат заманыбыз, Көбөйдү жакшыбыздан жаманыбыз. Адамды эмес заманды шылтоо кылып, Аттиң аай кандай болду амалыбыз. Алсыз көрүп, басынтабыз өзгөлөрдү, Өзүбүз байкабайбыз өзгөргөндү. Жакшысын жаманын карабастан, Туурап калдык, билбесек да көз көргөндү. Акча десе тайып калдык акылдан, Ардактуу дос күтпөй калдык жакырдан. Арам менен адалды билбей калдык, Арттык көрүп байлыкты да жакындан. Адамды эмес акчаны тандап калдык, Ак ниет эмес, акчалууну жандап калдык. Жашырбай, бар чындыкты айткан чыкса, Жок кыл деп, буйрук берип жалдап калдык. Жаш муун этегин жаппай калды, Жашырып намысын катпай калды. Карылар кадыр,барктуу,нарктуу эле, А азыр,кары үйүнө батпай калды. Билбейм адам эмнени ойлонууда, Бүркүп жашын наристелер кордолууда. Бузуку,эркек сымал айбандардан, Буркурап жап жаш кыздар зордолууда. Кызыксыз атып калды таңдарыбыз, Жаш балдарга жетип калды алдарыбыз. Зынаа кылып,жашырып таштай берип, Жетим уйго,батпай калды балдарыбыз. Тагдырың бир учунан кертилгенде, Түшүнөөрсүң акыл кирип жетилгенде. Балдар үйү орун жок толуп калды, Ата энеси бар туруп жетимдерге. Күүгүм талаш күн сууктан титирешип, Кечээ астыман балдар өттү жетелешип. Карап турсам жардам сурап жалдырашса, Колун шилтеп басты адамдар битирешип. Көздөрүнөн көз жаштары бүркүп турду, Карындаш деп агасы көзүн сүртүп турду. Кудай үчүн жардамынын ордуна, Качкыла деп адамдар түртүп турду. Жакындап басып бардым жандарына, Жан чыдабай тыйын бердим нандарына. Ушунчалык наалат айттым ата энеге, Ушул күндү көргөзгөн үчүн балдарына. Бузук жашоо, ата энелер баштабачы, Балдарыңдын, карегин жаштабачы. Башың тыгып, башкалардын кучагына, Бакыт берген, үй бүлөңдү таштабачы. Бала белде, катын жолдо деп ойлойбуз, Баарын унтуп,кумар үчүн жойлойбуз. Балдарың зарыгып күтүп жатса, Башкаларды айланчыктап ойнойбуз. Ажырашып урушуп кетет ата эне, Азгырылып жашап кетет бат эле. Өз каныңдан жаралган балдарыңды, Өлбөйт булар эптесе да жашайт дебе. Көөдөн ыйлап ыр жазып турганым чын, Көргүлөчү балдарыңдын кубанычын. Уул кызыңдын келечегин талкалаба, Ушул болсун ата энеден суранычым. Бул ырымдын айтсам эгер себебин, Бул эмнени айтып жатат дебегин. Айла жок деп балдарынды калтырып, Ажырашпа ата энелер дегеним. #АзаИшенбеков #АйтАйтДесе #Акын Патреондо колдогонуңузга чоң ырахмат   / temirovlive   Биздин тик-ток -   / aytaytdese   Инстаграмыбыз -   / aytaytdese  

Смотрите также