Төө Ашууда кар жаап жатат

Бүгүн, 14-октябрда Төө Ашууда кар жаап жатат. Күбөлөрдүн айтымында, кардын калыңдыгы 7-8 см болду. Аба-ырайы кескин өзгөрүп кеткендигине байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолунда Төө-Ашууда туман болуп, кар жаап жатат. Ошол себептен Чүй облусун жол кыймылынын коопсуздугунун камсыздоо башкармалыгы айдоочуларга Бишкек-Ош унаа жолунда жүрүүдө баардык коопсуздук жол эрежелерин так сактоого жана унаалардын дөңгөлөктөрүн кышкыга которуга чакырат.

Смотрите также