Чүйдө кезек күтүп тажаган айдоочулар биринин унаасын талкалашты

Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Кайыңды шаарындагы кант заводуна кезек күткөн жүк ташуучу унаалар бирин-бири жөлөп өткөн көрүнүш көпчүлүктүн талкуусуна калды. Анда интернет колдонуучулары: "бул айдоочуларга күйүүчү май ташыган унаа бере көрбөгүлө" деген пикирлерди калтырышкан. Ал эми Кайыңды шаарынын мэри Элнур Жумабаев бул көрүнүш боюнча төмөнкүлөргө токтолду. «Кечээ, 13-октябрда ушундай абал болду. Бүгүн кезек күтүү өз орду менен кетип жатат. Чынында быйыл жүк ташуучу унаа көп келип жатат, түшүмдүүлүк абдан жакшы. Күнүнө 250 камаз тактап айтканда, 4 миң тонна кабыл алып жатышат. Сезон башталгандан бери 60 миң тонна кабыл алынды. Дагы 70 миң тонна алганга план бар экен, андан кийин токтойт окшойт», - деди ал.

Смотрите также