Бешик жасалгасы / Тигүүчү Таникулова Тынчыгүл айым

🧵 УЛУТТУК БУЮМДАР КЫРГЫЗДЫН ТАРЫХЫН САКТАЙТ 🧵 Бешик бул — жыгач буюмдарынын бир түрү. Наристени терметип уктата турган жыгач керебетче. Буюм кайың, арча, тал, тыт өңдүү жыгачтардан кармалат. 🧵 Бешик көчкөндө өңөрүп жүрүүгө шартташкан. Усталар буюмдун андай сын-сыпаттарын сактап, өзүнүн чеберчилигин натыйжалап, үлгүнүн жаңы түрүн ойлоп, аны чыгармачылыкта андан ары өнүктүрүүгө жетишүүдө. 🧵 Кадамжай районунун Алга айылынын тургуну Таникулова Тынчыгүл бешиктин жабдууларын 16 жылдан бери тигип, жергиликтүү базарларда сатып келет. 🧵 Бул өнөрдү кайненесинен үйрөнүп, шакирттери катары балдарына үйрөткөн. 🧵 "Кол өнөрчүлүктү улантуу зарыл, себеби улуттук наркты сактап, келечек муундарга өткөрүп берүү керек. Ар бир улуттун үрп-адаты болот. Ар улуттун иштеткен буюмдары оймо-чиймелер менен кооздолот. Бул оймо-чиймелер кыргызга таандык деп билебиз. Улуттук буюмдар кыргыздын тарыхын сактайт дейт" тигүүчү Тынчыгүл айым. 🧵 Бешик жапкычтардын жыйырмадан ашуун түрүн курак, оймолор менен кооздоп тиге алат. 🧵 Бешиктин мааниси чоң. Ар бир төрөлгөн наристе бешикке жатат. Бешикке жаткан бала чыйрак болот жана жакшы уктайт. Кышкысын жылуу, күн ысыкта салкын жана баланын асты дайыма кургак болот. 🧵 Ар бир улуттун буюмдарын карасак аларда өздөрүнө тиешелүү оймолор, сүрөттөр чагылдырылгандай Тынчыгүл айым да бешикке жапкан жабдууларды улуттук оймо, курактар менен кооздойт. ✍️ Бешик боюнча кандай ишенимдерди билесиз, комментарийге жазыңыз ⤵️⤵️⤵️

Смотрите также