Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Кара-Кече көмүр кенинде жайкы тазалоо иштери жүрүп, жаңы техникалардын келүүсү күтүлүүдө
«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын Кара-Кече филиалында жайкы тазалоо иштери өз тартибинде жүрүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди. Маалым болгондой, өкмөттүн токтомуна ылайык учурда кыртыш тазалоо иштери менен топурактан арылтуу жумуштары тынымы жок жүрүп келет. Учурда аба ырайы жамгырлуу болуп жаткандыктан, кен кызматкерлери тоодон түшүүчү суу агымдарынын агып кетишин көзөмөлдөп, коопсуздук эрежелерин сактоодо. Мындан тышкары, кендеги унаалардын сактоочу механикалык базасын жакшыртып, заман талабына ылайык үстү жабык жайларды жасап жатышат. Кенде жылдан жылга техника көбөйгөндүгүнө байланыштуу унааларды токтотуучу жана оңдоочу жайларын куруу учур талабы болгон.