Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
«Атамдан жана оң колумдан ажырадым»: Кадамжайда жездесинен ок жеген Кылымбек
2023-жылдын 2-август күнү саат 18:30 чамасында, Кадамжай районунун Чаувай айылында жергиликтүү тургун 60 жаштагы Б.Б. өзүнүн кайниси 49 жаштагы Т.Ш.ны жана анын уулу 22 жаштагы Т.К.ны белгисиз ок атуучу курал менен атып салган. Чаувай айылынын 49жаштагы Т.Ш. денесинен алган жараатынан улам окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми каза болгон жарандын 22 жаштагы уулу Кылымбек Төрөкулов алган жараатынан улам оң колунан ажыраган.