✅ 18-сентябрда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев шаардык төрөт үйүнө барды

🔹Калаа башчы төрөткананын оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн корпусун көрүп, дарыгерлер менен жолугушту. 🔹Мурун жеке жактар иштетип келген төрөт үйүнө таандык эки корпус мэрдин тапшырмасы менен кайтарылып алынган. Алардын бири буга чейин оңдолуп, пайдаланууга берилсе, экинчиси толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин бүгүн ишке киргизилди. 🔹Шаардык төрөт үйүндө кош бойлуу келиндер үчүн орундуктар жетишсиз болуп келсе, эми бул маселе да чечилди. Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасы менен төрөткананын айнектери алмаштырылып, актап-сырдалып, шарттар жакшыртылды. 🔹Мэр төрөт үйүнүн жамаатына энелерге жана ымыркайларга мээрим менен мамиле жасоону, өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Смотрите также