Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
🔹Ош шаарынын Г. Айтиев жана Б. Осмонов көчөлөрүнүн кесилишинде курула турган эки деңгээлдүү жолдун (айланма көпүрөнүн) курулушуна расмий түрдө старт берилди. Мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов курулушка мезгил кутусун салышты. 🔹Жалпы долбоорлонуп жаткан көпүрөнүн узундугу - 354 метр, туурасы - 50 метрди түзөт. Долбоордун алкагында көпүрөнүн түбүндөгү айлампа жол жашылдандырылып, жарыктандыруу системалары орнотулат, ошондой эле лотоктор, жөө жүргүнчүлөр өтмөгү жана жол белгилери каралган. 🔹Бул долбоор ишке ашкан соң Ош шаарындагы эң ири транспорттук түйүндөрдүн бири болуп, жол тыгындарын азайтуу, унаа кыймылынын үзгүлтүксүз жүрүшүн камсыз кылуу, коопсуздукту камсыздоо сыяктуу бир катар маселелер чечилет деп күтүлүүдө. ___________________________ 📝 Маалыматтык камсыздоо бөлүмү #Ош_мэрия