Талантаалы Бакчиев - 03 - "Манас" эпосунун жаралышы тууралуу

Манастаанууда « Манас» эпосунун жаралышы, эпос катары калыптанышы тууралуу ар түрдүү пикирлер айтылып келе жатат. Алардын басымдуусу Манас болгонбу же ал ойлонуп табылган көркөм образбы – деген маселеге арналган. Бул суроого илимде азырынча бир жактуу, так жооптор бериле элек. Автор бул видеобаянда Манастаануудагы белгилүү окумуштуулардын изилдөөлөрүн, алардын илимий көз караштарын ортого салып, С. Аксыкенттин «Маджму-ат-таварихтин» тарыхий кол жазмасындагы айтылган факттарга таянып, «Манас» эпосунун жаралышына байланыштуу айрым кызыктуу жагдайларга токтолот.

Смотрите также