Талантаалы Бакчиев - 04 - Манастаануу Совет доорунда

Видеосабактын кезектеги чыгарылышы «Совет доорундагы Манастаануу илими» деген темага арналган. Совет бийлигинин доорунда Манастаануу илимдин багыты катары калыптанып, эпосту этнография, тарых, лингвистика, адабият таануу, музыка таануу, философия, педагогика илимдери изилдей баштаган. Жаны саясий режимдин келиши менен кыргыз окумуштуулары профессионалдык денгээлде «Манас» эпосун иликтөөгө мүмкүнчүлүк ала алышкан. Ошол эле учурда бул улуу эпоско, аны изилдөөчүлөргө бут тосуу далалаттары да арбын болгон. Бул тарыхий процесстер «Манаска» болгон саясий мамиле тууралуу кененирээк маалыматты автордун баяндоосунда уга аласыздар.

Смотрите также