11-ноябрда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - УКМК Төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Октябрь айыл аймагында “Кекилик-Учар бейити” мемориалдык комплексинин ачылыш аземине катышты. Аталган мемориалдык эстелик генерал-полковник Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен 1920-1953-жылдары массалык түрдө курман болгон ата-бабаларыбыздын жаркын элесине арналып, Куран окуп эскерип туруу максатында курулду. Камчыбек Ташиев сөз сүйлөп жатып: "Биз өткөн ата-бабаларыбызды эскерип, Куран окуп турууга милдеттүүбүз. Ошол кездери жүздөгөн, балким миңдеген аталарыбыз ушул жерде каза болуп, Куран окулбастан көмүлүп кеткен. Бул абдан өкүнүчтүү жана биз ал доордун кемчилдигин жоюуга аракет кылышыбыз керек. Ушул жердеги абакта курман болуп кеткендердин ичинде менин да чоң атам болгонун атам көп айтып, ыйлап өттү. Эми бул жерге өткөндөрдү эскерүү үчүн жарандарбызы келип, Куран окуп, зыярат кылып турат деп ишенем..." - деди. Жергиликтүүлөрдүн айтымында “Кекилик-Учар” тилкесинде эски мүрзө жайгашып, бул жерге 1900-1930-жылдары азыркы Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында жашап, каза болгон орус, чечен, татар жана кыргыз улутундагы жарандардын сөөктөрү коюлуп, мүрзө катары колдонулуп келген. Ал эми 1930-1955-жылдарда бул жерде жайгашкан түрмөдө каза болгон адамдардын, репрессия курмандыктарынын сөөктөрү ушул мүрзөгө ташылып келип, массалык түрдө көмүлгөн. Репрессияда түрмөгө камалып, дайынсыз болуп кеткен жарандардын дагы сөөктөрү Кекилик-Учар мүрзөсүнө көмүлгөнү айтылат. Курулуш иштери демөөрчүлөр тарабынан каржыланып, жергиликтүү бюджеттен тазалоо, курулушка даярдоо, көрктөндүрүү, корукка алуу жана жолду асфальттоо иштери каржыланган. ------------------------------------------------------------------ Официальный сайт:
REGION TV @ Instagram / regiontvkg REGION TV @ Facebook / regiontvkg REGION TV @ Одноклассники
https://ok.ru/region.kyrgyzstan REGION TV @ Телеграм