Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Юсуф Пайгамбардын тарыхы! КЫРГЫЗЧА АУДИО КИТЕПТЕР КЫРГЫЗЧА АУДИО ОКУЯЛАР ЭРТЕҢ ДЕБЕ! ⠀ "ЭРТЕҢ", деп канча күндөр батып, канча таңдар атты.. ⠀ "ЭРТЕҢ барам", деп канча бакыттар күтүп, канчасы колдон качты.. ⠀ "ЭРТЕҢ болот", деп канча өмүрлөр текке кетип, канчасы соолуп өчтү.. ⠀ "ЭРТЕҢ турам", деп канча көздөр багымдаттын таңына жетпей, канчасы ырыскысынан кур калды.. ⠀ "ЭРТЕҢ окуймун", деп канча буттар жайнамазга чыгалбай, канчасы чыкпастан кабырга жатты.. ⠀ "ЭРТЕҢ жасап берейин", деп канча убадалар берилип, канчасы унутулуп, ишеништер муздап, жакындыктар алыстады... ⠀ "ЭРТЕҢ келет ", деп канчалаган жүрөктөр күтүп, саргарып, канчалаган үмүттөр өчө баштады.. ⠀ Анткени, "ЭРТЕҢ ", деген сөздүн эртеси келээри анык эмес. ⠀ Анткени, "ЭРТЕҢ ", деген сөз жалкоонун шылтоосу, йгилигти артка тартып кескен бычагы.. ⠀ Анткени, "ЭРТЕҢ мына - мына, болот буйурса, али убактың бар жашсың, иштериңди бүтүрө бер, насип кылган күнү ", деген сөздөрдү кулагыңа шыбырап жатып, карасаң эле кеч болуп калды же оорудуң же карыдың же өлүм төшөгүндө акыркы мөөнттөрдө калдың. Эң негизгиси бул сөз адамзатты туура жолдон адаштырган, түбөлүк тозок отуна кошо алып кеткен, жүрөктөрдү уулап, напсилерди кубанткан, жан дүйнөнү караңгылыкка бөлөп, жашоонун маңызын бузган, жакшылыктан кур калтырган ШАЙТАН лаанатынын эң жакшы көргөн сөздөрү.. ⠀ Ошондуктан туугандар "ЭРТЕҢ "эмес "БҮГҮН "деп жашайлы. Бардык кадамдарды бүгүндөн, азыр баштаңыз ин шаа Аллах жашооңузда баары жакшы болот! ⠀ 🔸Элдин баарын түшүнүүгө аракет кылба.. Баарын бирдей түшүнө албайсың. Себеби, баарынын деңгээли бирдей эмес. 🔸Сен да өзүңдү өзгөчө сезип алба. Анткени, сен дагы өзгөчө эмессиң. Текеберлене турган эч нерсең жок. 🔸 Бирөөнү кумир тутуп алба. Ал эртең эмне иш жасап коёрун жалгыз Кудай билет. 🔸 Бирөөнү катуу жек көрүп алба. Эртең жардамга жетип келгенде, уялып каласың. 🔸 Бирөөнү шылдыңдаба. Эртең ошонун ордунда сен болушуң мүмкүн. 🔸 Көйгөй жаралса ким жаратканын, кайдан келгенин, кантип келгенин сүрүштүрүп олтурганча, биринчи чечимин изде. Такташтырууга анан да жетишесиң.🌾 КЫРГЫЗЧА окуяларды сайтка кирип да окусаныздар болот!!! #2022 #2023 #2020 #2024 #2021 #кыргызча #окуялар #аудиокитеп #пайгамбар #бишкек #талас #ыссыккол #ыссыккөл #баткен #СУУСАМЫР #кыргызча