ОСАГО: 2025-жылдан тарта айып пул салына баштайт

2025-жылдан тарта автоунаага камсыздандыруу документин же орусча айтканда ОСАГО полисин албагандарга 3 миң сом айып пул салынат. Юридикалык жактарга айып пулдун өлчөмү 13 миң сом болот. Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынан билдиришкендей, учурда машинени кайра каттоо жана мамлекеттик белгилерин калыбына келтирүүдө полис талап кылынууда. Жаңы жылдан тартып ал баарына милдеттүү болот. Бул көрүнүш көпчүлүк айдоочулардын нааразылыгын жаратып жатат. Алар “автоунааны сатып жаткан жаранга камсыздандыруунун эмне кереги бар?” деген суроо салууда. Ал эми “Унаа” мамлекеттик мекемеси мыйзамдын талабы ушундай экенин билдирүүдө. #унаа #осаго #азаттык #камсыздандыруу _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram -   / azattyk.kg     / azattykmedia   Фейсбук -   / azattyk.org     / azattyk   Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм -

Смотрите также