“Баштыкта акча бар экен”. Таксиден акча алдырган жаранды полицияга тапшырган Баратбек

30 жаштагы Баратбек жакында кабылган окуясын айтып берди. Ал Орусияга барганына жарым жыл болуп, такси айдап иштеп жаткан. 20-сентябрда ага кезектеги буюртма түшүп, бир аял баштыкты жеткирип берүүнү суранган. Шектенген Баратбек жолдо баштыкты ачып, ичинен чоң суммада акча көргөнүн айтууда. Ал баяндагандай, баштыкты бербей туруп, полиция чакырган жана алар жүк алуучуну кармашкан. Баратбек “Азаттыктын” шылуундарга алданган келин тууралуу видеосун көрүп, сабак алганын билдирди. Орусиядагы мигранттардын арасында шылуундарга кабылгандар тууралуу маалыматтар тарап келет. Тагыраагы, шылуундар кары адамдарга телефон чалып, жакын адамы жардамга муктаж экенине ишендиришет. Алданган карылар катып койгон акчасын жакынына берүүгө макул болуп, адатта таксиден шылуун айткан дарекке салып жиберишет. Такси айдаган мигранттар баштыкта эмне бар экенин билбей, дарекке жеткирип коюшу ыктымал. Бул учурда баштыкты жеткирген мигрант “шылуундарга шерик” деп айыпталып, соттолушу мүмкүн. Видеону “Азаттыктын” “Мигрант Медиа” долбоору даярдады. Чет жердеги журтташтар! Маңдай жарган ийгилигиңиз же жүрөк өйүгөн көйгөйүңүз болсо “Мигрант Медиа” долбоорунун +996 556 113 317 номерине WhatsApp/Telegram аркылуу жазыңыз. #MigrantMediaCentralAsia _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram -   / azattyk.kg     / azattykmedia   Фейсбук -   / azattyk.org     / azattyk   Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм -

Смотрите также