Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Ар бир наристе – өзүнчө бир аалам. Мүнөзү, кыялы, табияты ар башка. Жөндөмдөрү ар башка. Ушундай түрдүү жөндөмдөргө ээ болгон баланын мүнөзүн, табиятын, кыял-жоругун билбей туруп туура тарбия берсе болобу? Албетте, болбойт. Себеби наристени тааныбай туруп берилген тарбия балага көп зыян алып келет. Буга мисал катары өрнөктүү бир икаяны баяндап берели.