Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
✅ Барсбек каган эстелигин Касымбеков көчөсүнө жылдыруу сунушталды
🔶 Бүгүнкү таңкы рейддик кыдырууда шаар мэри Жеңишбек Токторбаев Касымбеков көчөсүн капиталдык оңдоп түзөө иштерин көрдү. Аталган көчөнүн Раззаков көчөсү менен кесилишкен бөлүгүнөн тарта Кара-Суу районунун аймагына чейинки бөлүккө жашыл аймак, эс алуу багын куруу тапшырмасын берди. 🔶 Ошондой эле Осмонов көчөсүн кеңейтүү жана Айтиев, Көкүм-Бий көчөлөрүн бириктирген эстекадалык көпүрөнү куруу иштеринин алкагында айлампадагы Барсбек каган эстелигин Касымбеков жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишине которуу маселеси жеринде каралып, тиешелүү кызматтарга долбоорун даярдоону тапшырды.