Азаттык: Кечки радио эфир | 02.07.2024

Украинанын борбору Киевде кол салууга кабылган 55 жаштагы казакстандык оппозиционер жана журналист Айдос Садыков ооруканада каза болду. Садыковго кол салуу Киевде 18-июнда өзү жашаган үйдүн короосунда болгон. Активисттин жубайы Наталья Садыкова күйөөсү Киевде 2-июлда үзүлгөнүн билдирди. Журналистке кол салуу үчүн казакстандык эки жаран шек саналууда. Украина тарап билдиргендей, алар ошол эле күнү Украинадан чыгып кетишкен. Экөөнө тең эл аралык издөө жарыяланган. Украинанын Башкы прокуратурасы шектүүлөрдү Казакстандан экстрадициялоо аракетин баштаганы кабарланган. _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram -   / azattyk.kg     / azattykmedia   Фейсбук -   / azattyk.org     / azattyk   Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм -

Смотрите также