Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Бек Борбиев - Сен сүйгөндү билбейсиң (ЖАҢЫ ЫР 2025)
"Сен сүйгөндү билбейсиң" Сөзү / Обону: Бек Борбиев Катталыңыздар / Follow us / Подписывайтесь Spotify: Instagram: / bek_borbiev Tik Tok: / bek_borbiev Сөздөрү: Учтум сени көккө көтөрүп Канаттарым талып калганча Сени карап сүйгөн көздөрдөн Ызалыктын жашы тамганча Өкүнүчтүн жашы тамганча Жан дүйнөмө кирбейсиң Аруулаймын кирдейсиң Бакыт колдо сен эмнени эңсейсиң Махабаттын баркы жок Ишеничтин наркы жок Мен түшүндүм, сен сүйгөндү билбейсиң Сен билбейсиң Оо жаным кош эми Ортобуз бош эми Сен көнгөн шамалга Бетиңди тос эми Алып учтум сени асманга Махабатка толуп кучагым Зоодон ылдый кулаттың неге Билбейм эми качан учамын Сынды эрким качан учамын Жан дүйнөмө кирбейсиң Аруулаймын кир дейсиң Бакыт колдо сен эмнени эңсейсиң Махабаттын баркы жок Ишеничтин наркы жок Мен түшүндүм, сен сүйгөндү билбейсиң Сен билбейсиң Оо жаным кош эми Ортобуз бош эми Сен көнгөн шамалга Бетиңди тос эми Мен жалгыз олтурам Жаңы ак жол курам Көөдөндү бошогон Мен кайра толтурам Дистрибуция: GMS Music