Баракелде! Бишкекте 46 жаштагы эне 3 эм төрөдү

9-ноябрда саат 11:00 чамасында пландык негизде операция менен көз жарган Айнура учурда абалы жакшы экенин айтты. Ал эми 3 эм ымыркайлардын жандандыруу бөлүмүндө атайын жабдыктардын жардамы менен дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда. Айнура айым менен жолдошу Кутчубай Токтобаев Түптөгү Кош-Дөбө айылынын тургундары. Алардын 17 жаштагы улуу баласы студент болсо, кичүү уулу 11-класстын окуучусу. Ал эми ымыркайларга Кудайберди, Керемет жана Касиет деген ысымдарды ыйгарышты. Официальный канал ИА АКИpress Также смотрите и читайте нас по следующим ссылкам: Наш сайт:
Instagram:   / akipress   Страница в Facebook:   / akipress   Twitter:   / akipress   Телеграм:
Группа в VK: https://vk.com/public145293907

Смотрите также