Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
ТАЛАС ОБЛУСУНУН БАШЧЫСЫ ЭРМАТ ДЖУМАЕВ: НУРЖАНОВ АЛЛЕЯСЫНЫН КУРУЛУШ ИШТЕРИ ТОЛУК КАНДУУ БАШТАЛДЫ
Таласта К. Нуржанов атындагы аллеянын курулушу башталды Тарыхый жана табигый сулуулугу менен айырмаланган Талас жергесинде жаңы коомдук эс алуу жайы — К. Нуржанов атындагы аллеянын курулуш иштери толук кандуу башталды. Бул тууралуу КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Эрмат Джумаев билдирди. Жаңы аллея аймактын көркүнө көрк кошуп гана тим болбостон, келечек муундар үчүн ынтымактын, өнүгүүнүн жана биримдиктин символу болуп калаары күтүлүүдө. Курулуштун жүрүшү жана мөөнөттөрү боюнча толук маалымат атайын даярдалган видеодо берилет. "Бүгүн Талас облусунда ишке ашып жаткан ири социалдык жана инфраструктуралык долбоорлордун бардыгы мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун бекем колдоосунун негизинде ишке ашырылып жатат. Бул камкордук — өлкөнүн өсүп-өнүгүүсүнө болгон ишенимдин жана биргелешкен аракеттин айкын далили", деп маалымдаган Талас облусунун башчысы Джумаев.