Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Сөзү: Бактыгүл Сейитбекованыкы Обону: Сыймык Бейшекеевдики Аткаруучу: Сыймык Бейшекеев Сапырылган сары жалбырак, Санааларга мени азгырат. Терезеге келип тигилсем, Үнсүз дарак тиктейт жалдырап. Жаш жүрөгүм мынча кайгырды, Көңүл кушун кимге алдырды. Күзгү нөшөр тынбай төгүлөт, Көздөрүңдөн жааган жамгырбы? Теребел да мынча көңүлсүз, Теректер да ойдон бөлүнгүз. Тегерете курчап буюмдар, Термелише тиктейт өзүңсүз. Жаш жүрөгүм мынча кайгырды, Көңүл кушун кимге алдырды. Күзгү нөшөр тынбай төгүлөт, Көздөрүңдөн жааган жамгырбы? Болом деген өзүң түбөлүк, Асман дагы бүркөө түнөрүп. Өзүң, тургай атын укканда, Жүрөгүмдөн турчу гүл өнүп. Жаш жүрөгүм мынча кайгырды, Көңүл кушун кимге алдырды. Күзгү нөшөр тынбай төгүлөт, Көздөрүңдөн жааган жамгырбы?