Эмне үчүн түгөйлөрдүн чогуу өскөнү, өнүккөнү маанилүү?
Айсулуу Алмаз Инстаграм - @madamize | / madamize Айсулуу Алмаз Фейсбук - @aisuluu.almaz | / aisuluu.almaz Айсулуу Алмаз Телеграм жабык канал - “Дени сак мамиле” | * * * * * * * * Эмне үчүн түгөйлөрдүн чогуу өскөнү, өнүккөнү маанилүү? Бир убакта ашык болуп үйлөнгөн, турмуш курган түгөйүң такыр башка адам болуп, сүйлөшөөргө тема таппай калган учурлар тилекке каршы үй-бүлөлөрдө көп кездешет. Өзгөчө балалуу болгондон кийин түгөйлөр тиричиликке көмүлүп, өзүнө такыр убакыт бөлбөй, түгөй катары мамилелерине маани бербей калганы акыры бир төшөктө жаткан бирок бир-бирине чоочун адамдар болуп эки башка багытка өзгөрүп кетүүсүнө себеп болот. Ушул жана башка мамилелердеги көп кездешкен беймаша абалды алдын алуу үчүн жогорудагы видеодо айтып берген түгөйлөрдүн мисалы көбүбүз үчүн кулагыбызга илип алчу күмүш сырга. Түгөйлөрдүн дени сак мамилеси мени эң кызыктырган жана жалпы калкка жайылткым келген темалардын бири. Кошумча суроолоруңуз болсо төмөндө комментарийде жазып койсоңуз кийинки чыгарылыштарда сөзсүз жооп берем. Убакыт бөлүп чакан видео-баянымды көргөн ар бириңерге дени сак мамиле каалайм. Терең урматым менен, Айсулуу