Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Чыңгыз Айтматов | Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт | аудио китеп
Айтматов ааламы неге ушунчалык сыйкырдуу? Бул суроого жоопту анын чыгармаларынан гана издей билген оң. Ушул ойго анын роман-повесттерин окуган сайын кайта-кайта ынана берем. Мен дагы бир ирет Айтматов ааламына сүңгүп, дагы бир жолу сөздүн, ойдун, тарыхтын, улуттук баалуулуктун, жомоктун, чындыктын, АДАМдык улуулуктун мухитинде болуп кайттым. Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт акыр аягында Кирискени тосуп алды... Жүрүңүз, окурманым, ушул ааламга сизди да апарып келейин. Ал үчүн аңгайлашып олтуруп, спектаклимди угуңуз. Автор: Чыңгыз Айтматов Окуган: Төрөкул Дооров Сүрөт: Айгүл Байрамгулова