Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Видео Алдаяр с высоты птичьего полета Алдаяр тоосу Академик Адышев кырка тоосунун түштүк батышында, Кызыл-Суу жана Ийри-Суу сууларынын аралыгында түндүк-чыгыштан түштүк-батышка 21 кмге чейин созулуп жатат. Туурасы 5-6 км. Орточо бийиктиги 2600-2700 м,эң бийик жери 2896 м. Жону негизинен тайпагыраак, аска-зоолор жокко эсе. Тоо капталдары тик, кокту-колоттуу. Капталдарында талаа, шалбаалуу талаа, шалба жана суйрек токойлуу бадал өсүмдүктөрү басымдуу. Айрым жерлери чабынды, негизинен жайыт катары пайдаланылат.