Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Канча кылымдар бою жашап келген, сөз баккан кыргыз элинин учу кур эместиги , мени сүйүндүрду , Анткени финалдык беттеште жаңы муундагы өкүлдөрдүн келгени бул алгылыктуу, калыстык иш десек болот. Финалдын 2-жубун түзгөн акындар- Кутман Садыбакасов жана Садырбек Турдубек уулу болушту. Финалга албетте жөн акындар чыкпайт эмеспи. Бул эки акынды жаш муундун сөз баккан мыктылары десек жаңылышпайбыз.Таалим тарбиялык мааниси бай, тамаша чыны аралаш, аймактык теманы да чымчып өткөн айтыш болду. Жаш акындардын кимисинин жамагы жакшы чыкканын баамдайм десеңиз чечүүчү беттешти толук көрүңүз, замандаш.