Тыгындан башы чыкпаган Өзгөн качан өзгөрөт? Мэрдин дымактуу убадалары
Бул ирет Өзгөн шаарына барып, тынбаган унаа тыгынын, жол бойлото жайылган башаламан жайларды көрдүк. Андан соң калаа мэри Залкарбек Каримовго киргенибизде дымактуу демилгелерин көрсөттү. Базардын аркылуу өтчү Бишкек — Ош жолун төрт тилкелүү кылып кеңейтерин билдирди. Анан да мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бир нече объектилерди кайтарып жатканын айтты. Анын ичинде автобекет, кинотеатр жана үч парк бар. Кызыгы, парктын чок ортосуна кафе салып ага кызыл китеп жасатып алгандар болгон экен. Байыркы шаардын азыркы жашоосу кандай болуп жатканын бул материалдан көрүңүз. Instagram баракчабызга да каттала кетиңиздер: / elaman_karymshakov_