Жашыл шаар Фрунзенин мактанбаган мэри

Бишкектин жашыл шаар деген статусун сактап калуу керек. Бир мезгилде жапыз үйлөр, саналуу эс алуу жайлары, бирок жапжашыл болгон чакан калаанын жыл өткөн сайын инфраструктурасы кеңейип, өзгорүп баратат. Фрунзе шаарын өткөн кылымдын 80-85-жылдары башкарган Абдыразак Мокенов борбордун түптөлүүсүнө опол тоодой салым кошконун айтат. Айрыкча, азыркы Эркиндик бульварындагы дарактарды кыйып, көп жылдык бак отургузушкандыгын эскерген мурунку шаар жетекчиси эми минтип калаа тургундары эс алуучу чоң бакка айланып отурганына кубанганын жашырбайт.

Смотрите также