КАНТИП САПАТТУУ IT КУРС ТАНДАЙБЫЗ?

Сапаттуу курс тандоо маанилүү. «Coding Bootcamp» - бул программисттерди даярдаган курстар. Булардын билим берүүсү бат жана интерактивдүү болуп эсептелет. Алар окутуп жатканда техникалык жана тажрыйбалык жөндөмгө басым жасайт. Ушу күндө IT курстарынын жаандан кийинки козу карындай жайнашы сиздин тандооңузду татаалдаштырбай койбойт. Ошол жайнаган курстардын арасынан өзүңүзгө туура келгенин кантип тандоо керек жана эмнелерге көңүл буруу маанилүү? Адегенде өзүңүз жашаган жерге жакын курстардын тизмесин түзүңүз. Бул жолго кеткен убакытты үнөмдөйт. Тизмедеги курстарга чалып, кийинки класс качан жана канчада башталат, канча убакыт окутат жана төлөм тууралуу билип алганыңыз оң. Статистикага маани берүү керек. Курстун бүтүрүүчүлөрүнүн канча пайызы жумуш менен камсыз болуп жатканын изилдеңиз. Курстун сайттарына кирип, мурда окуп кеткен студенттердин пикири менен таанышып чыгыңыз. Мүмкүн болсо ар бир курстун кеңсесине барып, окуп жаткан студенттер менен маектешиңиз, алардын оюн угуңуз. Instagram: https://www.instagram.com/kg_usa/?hl=en
Telegram:
YouTube:    / kgusa   #ITтүгөйлөр #КыргызҮйбүлө #СергекЖашоо

Смотрите также