Прокуратура Царикаевдин ишин текшерет

Бишкек мэриясынын муниципалдык инспекциясынын башчысы Мирлан Талайбеков шаардык прокуратурага чакырылды. Бул тууралуу ал өзү соцтармак баракчасы аркылуу билдирди. Анын айтымында, анын кызматка дайындалышынын мыйзамдуулугу боюнча чакырылган. Буга чейин Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында депутат Казыбек Эргешов Царикаев деген каймана ат менен белгилүү Мирлан Таалайбековдун мэриянын муниципалдык инспекциясынын башчылыгына дайындалышынын мыйзамдуулугун прокуратурадан текшерүүнү талап кылган болчу.

Смотрите также