Куршаб айылында заманбап интернат-лицейдин курулушу башталды.

Эсиңиздерге сала кетсек Куршаб айылында айыл өкмөт башчысы А.Ташиев жана айылдык кеңештин депутаттарынын демилгеси менен Ас-Сафа коомдук бирикмесинин демөөрчүлүгү астында турак жайга муктаж 100 үй бүлөгө социалдык шаарча курулду. Ошону менен бирге бүгүн айылыбызда дагы бир жакшы саамалык болуп турат. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн 150 орундуу заманбап интернат-мектеп курулуп жатат. Курулуштун проектиси боюнча балдар жана кыздар үчүн өз өзүнчө жатаканасы, ашканасы,спорт залы,спорт аянтчасы, компьютердик класстар курулат жана бардык заманбап жабдыктар менен камсыздалат. Интернаттын окуу программасы толук кандуу Билим Берүү министрлигинин талаптарына ылайык болот.

Смотрите также