✅ Ош мэриясы Каракол шаарынын мэриясына унаа белек кылды

🔹Ош шаарына тажрыйба алмашуу максатында келген Каракол шаарынын мэриясынын делегациясына Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев белек катары 2025-жылы чыгарылган жаңы үлгүдөгү электромобиль унаасын белек кылды. Унаанын ачкычы делегацияны жетектеп келген Каракол шаарынын мэри Каныбек Адиевге тапшырылды. 🔹Караколдон келген коноктор белек күтүүсүз болгонун билдирип, шаар мэри Жеңишбек Токторбаевге ыраазычылык айтышып, Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрүн Караколго чакырышты. 🔹Келген топ алдыда мэриянын муниципалдык ишканаларынын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып, социалдык жана маданий обьекттерге барышат. Ош жана Каракол шаарлары 2013-жылдан тарта боордоштук шаар катары кызматташып келет.

Смотрите также