Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Кыргызстанда нирванадагы Будданын чопо айкели бар экендигин билесизби? Эркинай жана Бекжан жазгы каникулун абдан кызыктуу өткөрүүдө, Ноорузду Бурана мунарасында майрамдашты жана абдан көп тарыхый археологиялык табылгаларды, эстеликтерди сактоо жѳнүндѳ чыныгы археолог менен баарлашышты. Биздин каармандардын Чуй облусундагы саякаты да абдан кызыктуу, бул саякат жөнүндө бизге сүйүктүү Урмат Борченов баяндап берди. Албетте, ар бир чыгарылыштын соңунда конкурс өтүүдө. Урмат Борченов жарыялаган конкурстун шарттары: 1. Биздин @bilimfestkg / / bilimfestkg баракчабызга катталу жана барагыбыздын постторуна лайк басуу; 2. Чуй облусунун дагы кооз жерлеринин (бул бөлүмдө тааныштырылгандардан сырткары) сүрөтүн социалдык тармактарга жайгаштыруу; 3. # КыргызстаныбыздыкыдырабызЧуй - хештегин жайгаштыруу зарыл; 4. Албетте, ал жер туралуу бир аз маалымат берүү. Мыкты 10 сүрөттүн авторлору - Урмат /Борченовдун кол тамгасы менен бул китепти белеке алат. Конкурстун жыйынтыгы 2020 жылдын 30 августа жарыяланат. Мекениңди тааны, сүй жана сакта! __________________________________________________ "Кыргызстаныбызды кыдырабыз" китеби (авт. А. Капалова) жөнүндө тоолук маалымат төмөнкү ссылкада