Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Ч.Айтматовдун "Кыямат" романынын негизинде коюлган спектакль. Улуу жазуучунун 85-жылдыгына арналган. Сахналаштырган жана музыкалык коштоонун автору Барзу Абдураззоков - Борбор Азиянын жана Россиянын белгилүү режиссеру. Бул спектаклдин эң негизги өзөгүн Айтматов которгон "Канткенде, адам уулу адам болот?!" темасы көрсөтүлөт. Башкы каармандар Бостон менен Базарбайдын талаш-тартышы, эки карама-каршы көз караштардын кагылышуусу жана ички адамдык сапаттары берилет. Ал эми адамзаттын жаратылышка, жан-жаныбарларга болгон зөөкүрлүгү Ташчайнар менен Акбаранын кайгылуу тагдырлары аркылуу чагылдырылат.