ТИГҮҮДӨГҮ САЛЫКТАР ЖАНА БАЖЫ: жетекчи эмнени билиши керек? | Тикме Маек | 6-чыгарылыш

Көп төлөп жатасызбы — же жөн гана так билбей жатасызбы? Бул подкастта биз тигүү ишканаларын легалдаштыруунун пайдасы, салык системасынын чындыгы жана экспорт мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө кеңири сүйлөштүк. Эмне жөнүндө сөз болду? Кандай чыгаша байлыкка алып келет? Тигүү тармагындагы негизги салыктар жана кандайча мыйзамдуу түрдө кыскартса болот? Эмне үчүн көпчүлүк ишкерлер “көмүскөдө” калып, акча жоготот? Бажы төлөмдөрүнүн сыры: Кытайдан алып келип, Россияга сатууда эмне үчүн Кыргызстан эң ыңгайлуу өлкө? Легалдуу иштөөнүн кошумча бонусу: мамлекет менен өнөктөш болуу, инвестор табуу. 🎤 Спикерлер: • Шер Бакасов — Toolor жана Куул Групп жетекчиси • Абай Султанов — “Инвойс Плюс” жетекчиси, салык адиси • Аскатбек Мажитов — “Dukastoms” жана “Инвойс Плюс” негиздөөчүсү, бажы кеңешчи • Эмиль Рысбеков — “Digital Centrum” жетекчиси, финансист 🔥Бул эпизод — акча үнөмдөөнү каалаган, ишкерлигин “көлөкөдөн” чыгаргысы келген ар бир тигүү цехинин ээси үчүн. Салык төлөп деле утушка чыгууга болот — эң башкысы, туура системада иштөө керек! _____________________ Тикме - тигүү тармагын өнүктүрүү үчүн жамаат. Бизге кошулуңуз — келечек бул жерде тигилет: https://www.instagram.com/tikme.kg?ig...
Башкы демөөрчүбүз - Toolor
Таймкоддор: 00:00 Анонс 01:01 Бухгалтерия деген эмне? 04:47 Акча кайда? 06:47 Toolor 07:22 Ар бир жетекчи эмнени билиш керек? 10:53 Байлыкты эсептөөнүн жеңил жолу 13:31 Өздүк нарк (себестоимость) кайсы чыгымдардан турат? 18:07 Өздүк наркка кирбеген чыгымдар кайсы? 20:08 Кымбат баа кайдан чыгат? 21:59 ОсОО же ИП? 24:19 Эми ЭСФ базардан талап кылынбайт 28:12 Салык жеңилдиктери тигүү тармагына 5 жылга берилди 31:50 Биз тоо-кенге бай эмеспиз, кол өнөрчүлүк, акылыбыз менен ийгиликке жетебиз 34:52 Тигүүчүлөр төлөй турган салыктар кайсы? 37:53 Сырттан кездеме келе баштагандын себеби 40:30 Бажы сырлары 44:17 Себестоимость арзандатуу мүмкүнчүлүгү 46:15 Биринчи мамлекетке төлөйлү 47:52 Документи жок болсо - штраф! 53:57 Бухгалтерияны жүргүзбөсөң экспортко жол жок 56:27 Чет өлкөлүк жумушчуларга канча салык төлөнөт? 01:01:44 Жумушчу да салык төлөш керек 01:03:11 “Честный знак” деген эмне? 01:08:20 Сертификацияга даярданыш керек 01:09:23 Өнүгүүнүн жолу “ачыкка” чыгуудан башталат 01:11:16 Инвестиция бухгалтериясы бар ишканаларга берилет 01:13:07 Өзгөрүүгө даяр болуш керек 01:14:05 1 миллион долларга чейин гранттар бар 01:15:54 Toolor 01:16:25 Катышуучунун суроосу: Кездеме алып келүүгө мамлекеттен кандай талап бар? 01:18:58 Катышуучунун суроосу: 50 адамдан кийин берилген жеңилдик боюнча канча салык төлөнөт? 01:21:16 Саламдашуу, Tikme бирикмесине кошулуңуз - өнүгүңүз! #швея #салык #налоги #podcast #конвеер #подкаст #кыргызстан #швейныйбизнес #бизнес #тикме

Смотрите также