Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН U-23 ОЛИМПИАДАЛЫК КУРАМА КОМАНДАСЫ ТАРЫХТА АЛГАЧКЫ ИРЕТ АЗИЯ КУБОГУНА ЧЫКТЫ!
9-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын U-23 курама Олимпиадалык курама командасы 2026-жылкы Азия Кубогунун тандоо оюндары алкагында Шри-Ланка командасына каршы чечүүчү беттешти өткөрдү. Беттеш борбор калаабыздагы Д. Өмүрзаков стадионунда орун алды. Буга чейин курамабыз «Е» тайпасынын ичинде Палестина курама командасын 2:1 эсебинде жеңген, ал эми экинчи беттешинде Өзбекстан менен ойноп, ал 2:2 эсебиндеги тең чыгуу менен аяктаган. Бул беттеш курама командабыздын ишеничтүү 6-0 эсебиндеги жеңиши менен аяктап, курама командабыз башка атаандаштарды артта калтырып, 7 упай менен турнирдик жадыбалдын 1-орунунан Азия Кубогуна болгон түз жолдомону камсыздады. Голдордун авторлору: Марлен Мурзахматов (14’, 45+5’), Кими Мерк (46’), Христиан Браузман (59’), Эрбол Абдужапаров (67’) Саид Дациев (75'). Эскертсек, бул жаш курактагы биздин курамабыздын тарыхта алгачкы жолу континенталдык биринчиликке чыгышы! Белгилей кетсек, финалдык этапка 16 мыкты команда чыгат: турнирдин кожоюну Сауд Аравия автоматтык түрдө катышат, ошондой эле ар бир тайпанын жеңүүчүлөрү - 11 команда жана эң мыкты көрсөткүчкө ээ болгон экинчи орундагы төрт комада финалдык баскычка жолдомо алышты. Азия Кубогунун финалдык этабы 2026-жылдын 7-25 январь күндөрү Сауд Арабиясында өтөт.