Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Бактыгүл Майжанова - 01 - "Адам психологиясынын предмети жана маселелери -1"
Психология курсу боюнча киришүү сабагы «Адам психологиясынын предмети жана маселелери» деген теманын алкагында жүрөт. Адам психологиясынын табияты, адамдын жеке касиеттерин белгилөө жана ачып берүү,адамдар менен өз ара мамиле түзүүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрүн тактоо, анын башка илимдер менен болгон байланышы сыяктуу маселелер камтылган. Ошондой эле заманбап психологияда бир нече бөлүмдөр бар. Автор алардын ар бирине токтолуп, кеңири түшүндүрмө берет. Булардын баары адамга өзүнүн иш-аракеттеринин чыныгы мотивдерин көрүүгө чоң өбөлгө түзө алат.