"Эч нерсе өзгөрбөдү. Жаңжалга каршы чара көрүшө элек"

Акылбек Каработоев Баткендеги чек ара жаңжалында жарадар жоокерлерди куткарууга баратып окко учкан. Атасы Жалил Каработоев ал окуяны өксүп-өксүп эскерди. Чекарада ондогон адамдын өмүрү кыйылганына карабай мындан ары кокус болуп кетчү чырдын алдын алууга эл да, бийлик да даяр эмес дейт ал. Анын айтымында азыр чыр чыгуу коркунучу бар. Баткендин Миң-Булак айылындагы суу дагы эки элдин ортосунда талаш-тартышты жаратууда Тасма Али Токтакунов юту каналынан көчүрүлүп алынды    / alitoktakunov   Тасманын шилтемеси    • "Эч нерсе өзгөрбөдү. Жаңжалга каршы ч...  

Смотрите также