Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
“Бир үйдүн жалгыз кызы эле”. Боомдон сөөгү табылган 17 жашар кыздын өлүмүнүн чоо-жайы
Социалдык тармактарда 3 күндөн бери дайынсыз болуп изделип жаткан 17 жаштагы кыздын жансыз денеси Боом капчыгайында табылган. Милициянын берген маалыматына ылайык маркум күч колдонуп зордукталып, андан кийин өлтүрүлгөн. 17 жаштагы Айсулуунун агасы окуянын чоо-жайын айтып берди.