Токтогул жана Кара-Көлдө элдин үнү угулду

Жогорку Кеңештин “Мекенчил” депутаттык тобунун көчмө жыйыны Кара-Көл шаарында жана Токтогул районунда өттү. Эл өкүлдөрү 2025-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү, мамлекеттик программалардын аткарылышы, жергиликтүү калктын көйгөйлөрү жана энергетика тармагындагы ири долбоорлор менен жеринен таанышты. Көчмө жыйын алкагында депутаттар "Камбар-Ата-1" ГЭСинин курулушуна даярдык иштерин көрүп чыгышты. Бул ГЭС толук ишке берилсе, 1860 мегаватт кубаттуулук менен жылына 5,6 миллиард киловатт саат электр энергиясын өндүрүп, 5,4 миллиард кубдан ашуун суу сактап калуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Учурда курулушка даярдык кызуу жүрүүдө. Ошондой эле эл өкүлдөрү “Камбар-Ата-2” ГЭСинин жана Токтогул ГЭСтер каскадынын ишмердүүлүгү, жүргүзүлүп жаткан реконструкция жана модернизациялоо иштерин да көрүп чыгышты. Жалпы кубаттуулугу 1 380 мегаватты түзгөн Токтогул ГЭСинде учурда 1140 адам иштеп жатат. Токтогул районунда дагы ичүүчү таза суу, ирригация, социалдык мекемелердин жетишсиздиги жана инфратүзүм маселелери эл тарабынан тизмектелди. Депутаттар белгилегендей, көчмө жыйындардын аркасында элдин суроо-талабы жеринен угулуп, орчундуу маселелер көңүл сыртында калбайт.

Смотрите также