Шабдаалыны кантип туура бутаса болот...

Шабдаалы тез өсүүчү, күчтүү тамырдагы,азыкка талапчан өсүмдүк. Шабдаалыдан узак убакыт бою өсүп, ширелүү жана даамдуу мөмө берүү үчүн шабдаалыны жылына кесүү зарыл. Шабдаалыга жашыл бутоо жана жазгы бутоо жүргүзүлөт.Ошондо бутак күнгө бышып , мөмө бүчүр жогору качпайт..Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн өкүлдөрү топурактан суу жана азык алаарын баарыбыз билебиз. Тамыр аркылуу алар сөңгөктү бойлоп өтүп, бутактарга жетет.Осмостук басым шабдалыда бул процесс бир кыйла тезирээк болот. Мындан тышкары, макро- жана микроэлементтердин көп үлүшүн тик өскөн бутактарга бөлүштүрөт. Ушундан улам, дарактын таажы абдан тез коюу жана жапжашыл болуп калат, бирок, ошол эле учурда, борбордук бутактары күн нурунун жетиштүү сандан аз алган бойдон калып, таз болуп калат жалбырактан башка мөмөсу жок. Ал эми каптал бутактарынын мөмөлөрү келечектеги түшүмү майда жана кичинекей болот. Ошондуктан бардык туура эмес өскөн бутактарын өз убагында кесиш керек. Тик бутактардан сапаттуу мөмө алууга болот .Туура калыптанган кесе сымал форма жалбырактардын жакшыраак “вентиляциясына” көмөктөшөт жана түшүмдү жыйноону жөнөкөй жана кыйынчылыксыз кылат.Акыры, тыкан кесилген кесе сымал шабдалы ар кайсы тарапка жабышып турган бутактарга караганда алда канча жагымдуу көрүнөт.Кесе сыман формада жылда 20см кесүү менен ,10-15жыл мөмө алууга болот. Сиздин бакчаңыздын берекесин берсин кудайым. шабдалы жазында бутоо

Смотрите также