✅ “Эне-Сай” жаңы конушу, көлөмдүү курулуштар

🔸 Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таңкы рейддик кыдыруунун алкагында “Эне-Сай” жаңы конушунда курулуп жаткан үйлөрдүн курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. 🔸 Учурда үйлөр четинен курулуп алды бүтүп калса, кирпичи урулуп, фундаменти куюлуп жаткандары да бар. Ноябрь айынын аягына чейин 280 заманбап турак үйлөр бүтүп ээлерине тапшырылат. Аны менен бирге мектеп, бала бакча, ФАП жана башка социалдык мекемелер да каралган. Шаарча жалпы 54 гектар жер аянтында түптөлөт. 🔸 Бул үйлөр шаардагы турак үйлөрү башкы планга ылайык жолду кеңейтүүдө, каналдардын жээгин ачууда башка жакка көчүрүлө турган жарандарга берилет. ___________________________ 📝 Маалыматтык камсыздоо бөлүмү #Ош_мэрия

Смотрите также