Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Элди сары оору кылган "Раян Билдингдин" директору кандай унаада жүрөт? Соттогу ый, муң-зар...
"Раян билдинг" компаниясынын иши Свердлов райондук сотунда уланууда. Алар 6 турак жайды ара жолдо калтырган, кээ бири такыр эле башталган эмес. Бирок миллиондоп акча ала берген. Жалпысынан 200дөй адам арыз жазганы айтылды. Фирманын директору Айжанат Абдразакова күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алууда. Сотто сүйлөгөн жабырлануучулар жылдап ак эмгеги менен чогулткан акчасына күйүп отурганын айтып ыйлап, ызаланууда. Мунун айынан канчасы оорулуу болуп, жубайлар ажырашып жатканын белгилешти. Ал эми "Раян билдингдин" директору Айжанат Абдразакова компаниянын башкага өткөрүп бергенин. Үйлөрдү ошолор курарын айтууда. Ошол эле учурда "мынча акча кайда кетти, эмнеге уруксаты жок жерге үй курабыз деп сата бердиңиздер" деген суроого жооп бере алган жок. Бирок анын жашоо образы карызы көп адамдай эмес, көтөргөнү iPhone, айдаганы кымбат баалуу Jetour унаасы. Муну көргөн жабырлануучулар ансайын кыжырданууда.