КЫРГЫЗ ТИЛИН КАНТИП ҮЙРӨНГӨНҮМ ЭСИМДЕ ЖОК

Анын аты – Владислав Андриянов. Улуту орус болгону менен, кыргыз тилин эне тилиндей так жана даана сүйлөгөн Владислав – көпчүлүккө үлгү боло турган жаш мугалим жана блогер. Ал жаштарга билим берүүнү өзүнүн жашоосунун негизги багыты кылып, билимин бөлүшүүнү чыныгы кызмат деп билет. Владиславдын кыргыз тилине болгон урматы жана сүйүүсү айланадагыларды суктандырбай койбойт. Ал өзүнүн эмгеги, жаратман мүнөзү жана ачык-айкын көз карашы менен коомго жарык чачып келет.

Смотрите также