🔴1950 ЖЫЛ. КЫЗЫКТУУ ТАРЫХЫЙ ФАКТ!!! ТАЗАБЕК САМАНЧИН, ЗИЯШ БЕКТЕНОВ, ТАШИМ БАЙЖИЕВ. 🔥РЕПРЕССИЯЛАР!!!

1950-жылы Эл үчүн болгон ак кызматы бурмаланып Зияш Бектенов "АЛАШ ОРДОЧУ", "УЛУТЧУЛ", "ЭЛ ДУШМАНЫ", "КОСМОПОЛИТ", деген жалган жалаа менен негизсиз репрессияга туш болуп 10 жылга "Манас" эпосу үчүн эркинен ажыратылган!!! P.S. Зияш Бектеновду Касым Тыныстановдун окуучусу жана Манас эпосу аркылуу ПАНТҮРКЧҮЛҮК, ПАНИСЛАМИЗМ идеясы жайганга шектүү катары кармап, мал жүктөчү вагонго тыгып ӨЗ МЕКЕНИН СҮЙГӨНДҮГҮ ҮЧҮН Карагандадагы сталиндик барса-келбес жабык лагерине САЯСИЙ РЕПРЕССИЯГА жөнөтүшкөн. Ал мезгилде өз мекенин сүйүү ашкере улутчулдук катары бааланчу. Буга чейин жарыяланган «Манас» эпосунун басылмалары колдонуудан алынып жок кылынды. Константин Юдахин менен Кусеин Карасаев жазадан араң кутулуп, иштеринен айрылды. Зияш Бектенов кыргыз интеллигенциясынын залкар өкүлдөрү Ташим Байжиев, Тазабек Саманчин менен чогуу репрессияланган!!! Сакадай бою сары алтын, кыргыз адабиятынын теориясынан шоолалатып дарс окуучу ТАШИМ БАЙЖИЕВ агайыбыз "БЕРИЯНЫН КАНДУУ ЛАГЕРИНДЕ" камыгып жатып жан берди. Түрмө дегениң түптөрүнө жеткен экен, көздөрүнөн жалын чачырап, жаактууга сөз бербеген ТАЗАБЕК САМАНЧИН жарым жан болуп кайтып, оңоло албай, көз жумду. "ӨЛҮМ ЗЫНДАНЫНАН" акыл-эси менен тирүү кайтканы - жалгыз ЗИЯШ БЕКТЕНОВ болсо да, анын кадыр-баркын билишпей, "МАНДЕМДҮҮ КИШИ" катары кодулап жүрүштү. Зияш Бектенов менен Ташим Байжиевдин кыргыз тили жана адабияты боюнча түзүлгөн окуу китептери мектептердин короолорунда өрттөлөт. 5 жыл 5 ай сталиндик барса-келбес жабык лагеринде отуруп, 1955 жылы 19-сентябрда Зияш Бектенов боштондукка чыгып акталганда, ЖЕРГИЛИКТҮҮ БИЙЛИК ага эч кандай жардам бербейт, кызматка албайт, окуу китептерин басмадан чыгарып таштайт. Камалгандар кайра чыкпас - жабык лагерден келгенден кийин деле Зияш Бектеновдун тагдыры мурдагыдай кайгынын сары чырмоосуна чырмалган бойдон кала берди. Мурда иштеген тил, адабият институтунан кызмат бербей, 7 жыл "үй түрмөсүндө" зыркыратты. Коңшу казактарда кыркынчы жылдын акырында куугунтукталып, түрмөгө тушкөн окумуштуулар бошой замат мурда кандай кызматта иштесе, ошол орду кайтарылып берилип, акыры алар академик, корреспондент - мүчө болуп шайланышты. Зияш Бектенов ушундай катаал тоскоолдуктарга карабай, тил илимине жана жалпы эле маданиятка карата бир топ эмгектерди жараткан.

Смотрите также